Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуНарын району 03.02.2014 09:41

Нарын районунда мал уурулук менен алектенген 18 адам кармалды

Turmush -  Нарын облусундагы Нарын районунун жыл жыйынтыгын чыгарган чогулушта

2013-жылы мал уурулук менен 18 адам кармалгандыгы айтылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кармалгандардын ичинен 3 адам камалып, калгандары кагаз жазуу аркылуу коё берилген. Уурулук кылгандардын ичинен үчөө 18 жашка толо элек болсо, 11 адам 30 жашка чейинки жаштар болгон.

2013-жылы Нарын районунда 22 мал уурдалып, анын 19у кайтарылган. Ошону менен катар жыл ичинде 259 мал жоголгон. Жоголгон малдын 71%ын бодо малдар түзөт жана жалпы малдын 63 башы табылган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×