Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Нарын облусуНарын району 03.02.2014 12:10

Нарын районундагы калктын 24%ы өтө жакыр шартта күн кечирет

Turmush -  Нарын облусундагы Нарын районунда 10 миң 61 түтүн бар жана райондогу калктын саны 2013-жылы 46 миң 742 адам болгондугу аталган райондун жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Социалдык паспорт толтурууда өздүк кирешелери 640 сомго жетпеген өтө жакыр деп саналган 2 миң 460 түтүн бар экендиги аныкталган. Ар бир төртүнчү түтүндүн кирешелери 640 сомдон 1 миң 286 сомго чейин жетип жакыр деп табылса, жакырчылыкка жакын үй-бүлөлөр 16%ды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×