Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 28.01.2014 19:50

Нарын районундагы 15 айыл өкмөттүн жылдык отчеттору жактырылды

Turmush -  Үстүбүздөгү жылы 16-январдан баштап Нарын районундагы 15 айыл өкмөттө 2013-жылды жыйынтыктаган жылдык отчеттор аягына чыкты, деп билдирди райадминистрациянын басма сөз кызматы.

Отчеттуулук маалында 12 айыл өкмөттүн ишин эл «канааттандырарлык» деп табышкан. 2013-жылы Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Маратбек Болотбеков айылга 10 млн 500 миң сом өлчөмүндөгү инвестиция алып келип, айылдагы социалдык объектилерди ремонттого, айылды жашылдандырууга жана башка бир катар иштерди бүтүрүүгө жумшаган. Айыл эли жайыт, таза суу жана салык түрлөрүн 100% аткарган.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жаныш 16 млн сомго инвестиция алып келген. Кеңеш айылына 100 орундук бала бакча ачууга аракет кылып, ушул жылдын апрель айларында ишке берилгени турат. Мындан сырткары Алыш айылында 100 оорундук мектептин фундаменти куюлганы турат. 2013-жылы ушул эки айыл өкмөттөгү жасалган иштер «жакшы» деп табылды, дейт Нарын райондук акимдин биринчи орун басары Нурлан Абакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×