Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
БаракелдеНарын району, Бишкек 28.02.2014 18:38

Нарын райондук айыл аймактарынын айылдык кеңештериндеги кошмо жыйындын төрагасын шайлоо туңгуюкка такалууда

Turmush -  Нарын райондук айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин кошмо жыйынын төрагасын шайлоонун 2-турунда дагы талапкерлер тийиштүү добуш ала алышкан жок.
Аймактык кабарчы билдиргендей, азыркы сааттарда шайлоо туңгуюкка такалууда.
Маалымдалгандай, депутаттардын айрымдары бүгүн эле кайрадан шайлоону өткөрүүнү сунуштап жатышса, кээ бирлери башка күнгө жылдырууну сунушташууда.
Ошондой эле, бир топ депутаттар ачык добуш берүүнү талап кылып жатышат.
Эске салсак, буга чейинки турлар жашыруун добуш берүү менен өттү.
Шайлоого айыл аймактарынын айылдык кеңштеринин 165 депутатынын ичинен 107си катышууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×