Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Нарын облусуНарын району 19.02.2014 09:31

Нарында мал чарбасы тармагындагы жаңы долбоор ишке кирди

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районунда «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1»

долбоорунун бет ачаар аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анда алдыдагы 5 жылда жайыттарды жамааттык деңгээлде башкаруу, малдын азыктуулугуна жана саламаттыгына кам көрүү, маркетингдик демилгелерди колго алуу жана долбоорду

башкаруу багыттары боюнча баяндамалар берилди.

Бирок, жыйынга айыл аймактардагы жайыт комитеттердин өкүлдөрү толук катышкан жок, тактап айтканда 15 айыл аймактын ичинен 8и гана катышты.

Аталган долбоор быйылкы жылдын 17-июлунан башталып, 2018-жылдын 30-сентябрына чейин уланат.

Географиялык жактан Нарын, Ысык-Көл облустарынын бардык райондорун жана Тогуз-Торо районунун 5 айылдык аймактарын камтыган долбоордун жалпы каржы суммасы 25,8 млн долларды түзөт.

Нарын облусунун Нарын районунда «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1»

долбоорунун бет ачаар аземи болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анда алдыдагы 5 жылда жайыттарды жамааттык деңгээлде башкаруу, малдын азыктуулугуна жана саламаттыгына кам көрүү, маркетингдик демилгелерди колго алуу жана долбоорду

башкаруу багыттары боюнча баяндамалар берилди.

Бирок, жыйынга айыл аймактардагы жайыт комитеттердин өкүлдөрү толук катышкан жок, тактап айтканда 15 айыл аймактын ичинен 8и гана катышты.

Аталган долбоор быйылкы жылдын 17-июлунан башталып, 2018-жылдын 30-сентябрына чейин уланат.

Географиялык жактан Нарын, Ысык-Көл облустарынын бардык райондорун жана Тогуз-Торо районунун 5 айылдык аймактарын камтыган долбоордун жалпы каржы суммасы 25,8 млн долларды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×