Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Нарын облусуНарын району 14.02.2014 09:32

Нарында кесиптик окуу жайларда көмөкчү чарба күтүүдө кыйынчылыктар болууда

Turmush -  Нарын облусунда жайгашкан Нарын районундагы №30 кесиптик техникалык лицейдин жетекчиси Чолпон Шабдраева окуу жайларда көмөкчү чарбаларды түзүүдөгү кыйынчылыктарын облустук алкактагы атайын жыйында билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

«Бизде көмөкчү чарбаларды уюштуруу чоң көйгөй боюнча калып жатат. Себеби, малдарды сатууга уруксаат берилбейт. Ошондой эле чабан кармап мал бактырууга да мүмкүнчүлүк жок. Мисалы, бизде 28 эчки, 1 уй бар. Алардын төлүн сатып пайдалансак жакшы болмок. Ал эми, малдарды ар кимибиз бирден экиден кылып кызматкерлер бакканга аргасызбыз», - деди Ч.Шабдраева

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×