Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусуБаткен району 13.11.2019 16:15

«Кыздыгымды алмак турсун колумдан кармаган эмес»: Күйөөсү жылаңач болуп алып сабаган келин чет жакка кетмек болууда

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Азыркы учурда аракечтик бир топ үй-бүлөлөрдүн чоң көйгөйү экендиги талашсыз. Анын кесепетинен үйдө ар кандай зомбулуктар орун алып, балдар, бейкүнөө жубайлар запкы тартышат. Turmush басылмасына аракеч күйөөнүн азабын тарткан тажикстандык кыргыз келин көргөн кордуктарын айтып берүүнү туура көрдү. Анын суранычы менен аты-жөнүн өзгөртүп бердик.

Сенин кыздыгыңды алыптыр

Менин атым Үмүт Асанова (аты-жөнү өзгөртүлдү). Тажикстандын Матпари айылында (кыргыздардын айылы) чоңойгом. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз. 4 агам жана 2 эжем бар. Матпари айылындагы мектепти аяктаган соң шарттын жоктугунан жогорку окуу жайга тапшыра албадым. Биздин айылда көбүнчө килем токуп сатып акча табышат. Мен да эл катары айылдагылар менен килем токуп сатып иштеп жүрдүм. Күндөрдүн биринде эле айылдашым, 1979-жылкы Бекзат Байтуров (аты-жөнү өзгөртүлдү) менен сүйлөшүп калдым. Экөөбүз 2 жолу гана жолугуп сүйлөштүк. Бирок менин ага тием деген оюм жок болчу. Себеби айылда анын апасы жана эжелери жаман жолдо жүрөт деген сөз жүрчү.

Күндөгүдөй эле килем токуп отурсам сиңдим чуркап келип, «жүр үйгө, апам чакырып жатат» деди. Эмнеге чакырып жатты экен деп үйгө бардым. Барып эле алардын даярдыктарын көрүп оозум ачылып калды. «Бул эмне десем?», «Сени Бекзаттын үйүнө көчүрүп барабыз. Ал сенин кыздыгыңды алыптыр. Экөөң сүйлөшүп жүрөт экенсиңер. Бизди элге шерменде кылгыча азыр көчүрүп таштап келебиз» дешти. Мен эч нерсеге түшүнбөй калдым. Бекзат менен болгону таанышып, 2 жолу көрүшсөм кыздыгымды алмак турсун колумдан кармаган эмес. «Бул жалган» деп ыйлап жалындым. Бирок ошого карабастан алар мага ишенбей мени Бекзаттын үйүнө көчүрүп барышты.

Элдин балдарына окшоп аялыңды урбайсың

Ошентип ага турмушка чыгып, отуруп калдым. 3 айча жакшы эле жашадык. Анан күйөөм жумуш кылам деп Бишкекке кетти. 5-6 ай иштеп кайра келди. Ошентип турмуш улана берди. Бара-бара кайын энемдин «өнөрү» чыга баштады. Эмне болгонун билбейм, кээде идиш-аяктарды тарактатып, какшанып сүйлөп, мага өчөшкөндөй боло баштады. Жолдошумдун 4 эжеси, 1 карындашы, 1 иниси бар. Иниси үй-бүлөсү менен Россияда иштеп, ошол жакта жашайт. Үйдө жолдошум, кайын энем болуп жашап жүрдүк. Кайын энем баласын кызганчу болду. Ага «элдин балдарына окшоп аялыңды урбайсың» дейт. Жолдошум ага өчөшүп ичип келип, мага кол көтөрө турган болду. Ур-токмокко кабылсам да ажырашты деген атка калбайын деп чыдап жашап жүрдүк. Бир уулдуу болдук. Андан кийин дагы бир кыздуу болдук. Анда да эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мен эле эмес, балдарына да жакшы сөзү жок. Күндө арак иче турган болду. Акыркы 5 жылда анысы ого бетер күчөдү. Күндө ичип келет. Ал бар кезде дасторкон жайып чай иче албай калдык. Жасаган тамагыңды төгүп салат. Эгерде дасторкон жайылып, тамак коюлган болсо келип тамакка түкүрүп салат. Мындайча айтканда ал үйдө жүргөндө чай иче албай ачка отура беребиз. Башка айла жок.

Төркүнүм «бизди уят кылбай жаша, эркектин баары эле ушул» дейт

Бир күнү кайын энем дагы баягы адатын кылып, «Аялыңды элдин балдарына окшоп урбайсың. Бул сенин тилиңди байлап, окутуп алган» деди эле күйөөм мас болуп келип, мени топтой тепкилеп урду. «Мына апа урбайсың дейсиз, көрдүңүзбү минтип урат» десе «ай балам менин алдымда урбай, үйгө алып кирип ур» дейт. Мен турмуш ушул экен да деп, ыйлап-ыйлап, шишиген, көгөргөн жерлеримден уялып, эшикке чыга албай же үйдөгүлөргө айта албай эптеп чыдап жүрө бердим. Үйдөгүлөргө айтсаң «бизди уят кылбай жаша, эркектин баары эле ушул» дейт. Буга чейин таарынып 2 жолу төркүнүмө бардым. Экөөндө тең жолдошум барып «жакшы жашайбыз» деп алып келген.

Балам Бишкекте окуп да иштеп да жүрөт

Балам быйыл 10-класста. Ал атасынын бул кылыктарын көрүп «Апа, мен Бишкекке барып окуйм. Өзүм иштеп, өзүм окуйм. Атамдан үмүт жок. Өзүмдү өзүм каржылайм» деп шаарга кеткен. Азыр Бишкектеги окуу жайлардын биринде ашпозчулук кесипти окуп жүрөт. Күндүз окуп, кечинде иштеп, акча таап, өзүн-өзү эптеп каржылап жатат.

Паспорт алсам эле Россияга кетем

Бир күнү күйөөм дагы мас болуп келди. Же сүйлөгөн сөзүн билбейт. Энеден туума жылаңач болуп алып, кыйкырып ура турганга өттү. Элден уялам, дарбазаны жаап коем. Же эркекке күчүм жетпейт. Менде тынчтык жок. Айтор бул турмуштан тажап бүттүм. Бети-башым көгөрүп, ыйлаштан башка эч нерсе жок. Акыркы урганында жаагыма чаап, катуу тепти. Бетим шишип кетти. «Мен кетем, бирок кайра келбейм» деп айттым. Ал менин бул сөзүмдү бул кете берет, кайра келе берет дегендей кабыл алды. Ал үйдө жок кезде, кайын энеме «мен апамдыкына кеттим» деп, кызымды алып баса бердим. Апамдыкына барып, кызымды таштап, Баткен шаарына келдим. Бул жакта эжемдин үйүндө жашап калдым. Бекер отурбай жол киреге акча таап, Россияга барып иштеп, эптеп үй алып, кызым менен уулумду окутайын деп Баткен шаарындагы кафелердин биринде иштеп жатам. Күнүнө 300 сомдон эмгек акы алам. Паспортко документтерди тапшырып койгом. Паспорт алсам эле билет алып, чет жакка кетем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×