Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусу, Ош 13.11.2019 09:39 На русском

Ошто актриса Нурия Алимбаева каза болду

Нурия Алимбаева
Нурия Алимбаева

Turmush -  Ош улуттук драма театрынын актрисасы Нурия Алимбаева узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери социалдык тармактарга жазышты.

Нурия Алимбаева 41 жашта болчу. Ал кечээ, 12-ноябрь күнү кечинде каза болду.

«Сахнада, тасмаларда жараткан образдары, шаардык, республикалык, эл аралык иш-чаралардагы алып баруучулук чеберчилиги менен кыргыз маданиятында орду бар инсан эле. Ал боорукер, мээримдүү болчу. Бул оор жоготуу», - деп эскерет Ош улуттук драма театрынын актёру Топчубай Досбаев.

Нурия Алимбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 13-ноябрда саат 14:00дө Кара-Суу районунун Мамажан айылында өтөт.

Маркумдун артында 1 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×