Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 01.11.2019 20:05

Нарын районунда Баткен окуясынын ардагерлери сыйланды

Turmush -  Нарын районунда Баткен окуясынын ардагерлерин куттуктоо иш-чарасы өтүп, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысы Азат Идирисов билдирди.

Иш-чарага райондун акими Семетей Черикбаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, Баткен окуясынын ардагерлерин куттукташты.

«Баткен окуясынын Нарын облустук ардагерлер кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Эркинбек Шамыратов Баткен окуясы тууралуу маалыматтарды берип, иш-чараны уюштуруп жаткан райондун бийлигине ыраазычылыгын билдирди. Ардагерлер Сопуев Эркинбек, Мамбетов Чолпонбек, Олжобаев Таалайбек Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле айыл өкмөттөр тарабынан ар бирине акчалай жардам көрсөтүлдү.

Райондон Баткен окуясына 42 жоокер катышып, Ибраев Алтынбек жана Садыков Токтоназар душмандардын колунан ажал табышкан. Учурда райондун аймагында 40 ардагер жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×