Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 17.10.2019 09:39

Айыл турмушу: Акчага кайыл болуп иштеген Миңзаданын максаты

Turmush -  Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин эң жаш мугалими Миңзада Райкан кызы тарых сабагынан окуучуларга билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Миңзада Райкан кызы өзүнүн мектебине 5 жылдан кийин келип, 3 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип жатат. Студент кезинде айылдаш жигитке турмушка чыккан. Учурда ал кайната, кайненеси менен чогуу турат. Жаш мугалимге үй-бүлөсү колдоо көрсөтүп, шарт түзүп беришкен. Мектептен жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, олимпиадаларга окуучуларды даярдайт.

«Өз кесибимди жакшы көрөм. Азыр бардык жерде тарых стандарттык сабак катары киргендигине байланыштуу окуучулардын тарых сабагына болгон кызыгуусун арттырууга аракет кылып жатам. Жогорку окуу жайга баруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө, олимпиадаларга даярдап келем. Быйыл каникул убагында Кыргызстандагы алдыңкы тарыхчыларга окуучуларымды алып барып, окутуп келейин деген пландарым бар. Өзүм дагы ошол агайлардан сабак алам.

Окуучулар менен иштешүү мен үчүн орчундуу маселе жаратпайт. Себеби, окуучулар менен иштешкенди жакшы көрөм. Ар бир окуучунун тилин тапканга аракет кылабыз. Кыйынчылыктар дагы болот. Кээде билбей калган нерселерибизди бизден улуу муундагы мугалимдерден сурайбыз. Кудай буюрса ушинтип жатып такшалам деген ниетим бар. Кээде кайгырасың, бирок окуучуң сабакты жакшы өздөштүрүп жатканын көргөндө сүйүнөсүң. Акыркы 3 жылдан бери 80 пайызга чукул окуучуну жалпы республикалык тестирлөөдөгү тарых сынагына кызыктырдым деп ойлойм.

Мектепте тарых сабагы 5-класстан 11-класска чейин окутулат. Окуу куралы толук жетиштүү. Китептен сырткары тест шилтемелер бар. Ошону менен иштейбиз. Максатым — келечекте окуучуларды олимпиадаларга мыкты даярдыкта алып чыксам дейм», - деди ал.

Мугалим мектептеги маданий иш-чараларга активдүү катышып, 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата облустук деңгээлде өткөн илимий конференцияда «Биринчи мугалим» повестиндеги Алтынайдын монологун айтып, жакшы сыйлыктарга ээ болгон. Ал мугалимдердин айлыгынын аздыгына кабагым-кашым дебей, келечектеги максаттары үчүн эмгектенип жүргөндүгүн айтат.

«18 саат менен 8 000-8 500 сом чыгат. Айлык аз деп айтпайм. Себеби, акча эч качан жетпейт. Адам канчалык көп тапса, ошончо талап боло берет. Кыз бала болобу, эркек бала болобу, окугандан кийин ошол билимди пайдалана билип, ар бир нерсенин өзүнүн акысын бериш керек. Мен ошол максатты алдыга койгом. Азыр айлык үчүн эмес, келечектеги пландар үчүн иштеп жаткан учурум. Үй-бүлөм дагы иштегенге шарт түзүп беришкен», - деди ал.

Миңзада Райкан кызы 1995-жылы 21-июлда Нарын районуна караштуу Учкун айылында туулган. Э.Токтобаев атындагы орто мектебин аяктап, Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинде 2-курска чейин окуп, кийин үй-бүлөлүк абалына байланыштуу Нарын мамлекеттик университетине которулган.

«Жыл сайын 9-11-класстардан сынак алабыз. Окуучулар көп учурда комиссиядан сүрдөшөт. Эң жөнөкөй китептин авторун карап койбогон балдар болот. Бизде Өмүрбеков Токторбек Нааматбекович деген доктор, профессор болгон. Мектеп программасындагы китептерди ошол агай жазчу. Быйыл көзү өтүп кетти.

Бир күнү сабак учурунда окуучулардан “Токторбек Нааматбекович деген ким?” дедим. Айылда Нааматбек деген киши бар экен. Окуучулар “бул жакта жашаган Нааматбек байкеби?” деп жатышпайбы. Окуучулар кээде ушундай жөнөкөй нерселерге көңүл бурушпайт», - деди мугалим.

Ал үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×