Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 16.10.2019 09:04 На русском

Нарында «азгырыкка» кирген жигит 200 000 сомго «банкрот» болду

Turmush -  Нарын райондук соту Канаттын (аты-жөнү өзгөртүлдү, К.Р.Ж.) иши боюнча материалдарды карап чыкты.

Ал 1988-жылы Нарын районунун Эмгекчил айылында туулган. Бойдок, билими орто, мурда сот жообуна тартылган эмес.

Канат 2019-жылдын 8-июлунда Кашка-Суу участкасына мал караганы барып, өзүнө тиешелүү «ИЖ-17» үлгүсүндөгү 16-калибрдеги мылтык менен 2 текени аткан. Анын кесепетинде Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө 200 000 сомдук орчундуу зыян келтирилген.

Аталган түзүмдүн мыйзамдуу өкүлү айыпкер келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин, ага карата эч кандай доосу жок экенин билдирип, соттон мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Соттук отурумда айыпкер күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, материалдык зыянды төлөп бергенин билдирип, ишти кыскартып берүүнү суранды. Анын айтымында, 2019-жылдын 8-июлунда Кашка-Суу жайлоосундагы малын кароо үчүн малын баккан Акат аттуу чабанга барган. Ошондо тоо тараптагы уйларын карап жатканда 4 баш жапайы текени көрүп, жанындагы мылтыгы менен 2 текени аткан.

Жыйынтыгында Канат сот тарабынан Жоруктар жөнүндө кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүмү (Мыйзамсыз аңчылык кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, 20 000 сом айып салынды. Ошондой эле ок атуучу куралы конфискацияланып, мамлекетке алынды.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын районундагы жайлоодон эки тоо текени атып өлтүрүп, союп жаткан жергиликтүү тургун кармалганын жазган.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, 9-июлда Нарын районунун Көк-Торпок жайлоосунун Миң-Булак айыл округунун Көшөгө участкасынан райондун Д.Б. аттуу тургуну кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×