Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуНарын району 15.10.2019 16:51

Нарын районунун тургуну алдамчылардын торуна түшүп, 50 000 сомдон айрылды

Turmush -  Нарын районунун тургуну алдамчыларга 50 миң сом өлчөмүндөгү каражатын алдатты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын районунун Кеңеш айылынын 1956-жылы туулган тургуну М.С. милицияга кайрылып, күйөө баласынын атын жамынган белгисиз адамга акчасын алдатканын айткан.

Арызда: «2019-жылдын 30-сентябрь күнү саат 10:50 чамасында уюлдук телефонума белгисиз адам чалып, «мен унаа менен кырсыктап калдым» деген. Андан соң «күйөө балам Бекжансыңбы? десем, «ооба, мага акча керек» деп айткан. Үйдөгүлөр менен кеңешип, 50 000 сом акчаны банк аркылуу салып жибергем. Бирок кызыма телефон чалсам, «Бекжан эч кандай кырсыкка учураган эмес» деди. Башка бирөөлөр мени алдап, акчаны котортуп алыптыр», - деп айтылат.

Бул факт Нарын ШИИБ тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБ Нарын облусунун тургундарын жана конокторун ушундай алдамчылардан сак болууга чакырат. Ошондой эле белгисиз адамдар тарабынан алдамчылыкка кабылгандар 102 же 03522 5-15-72, 5 -18-04 номурларына кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×