Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 13.10.2019 16:13

Нарындагы С.Мамбетов атындагы мектепке жаңы директор дайындалды

Turmush -  Касымалиев Байыш Адикинович Нарын районуна караштуу Шоро айылындагы Садыкказы Мамбетов атындагы орто мектебинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Кожоканов билдирди.

Б.Касымалиев 1969-жылы Нарын районуна караштуу Ак-Кудук айылында төрөлгөн. 1986-жылы Нарын шаарындагы №88 кесиптик-техникалык окуу жайын аяктаган. 1987-1989-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-1992-жылдары Токмоктогу индустриалдык-педагогикалык техникумунда билим алган.

Эмгек жолун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинде сүрөт жана чийүү сабагынан мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 2012-жылы Нарын мамлекеттик университетинде жогорку билимге ээ болгон. Андан соң аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Буга чейин мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп иштеген.

3,0514

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×