Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 09.10.2019 10:38

Жол азабы: Чет-нуралыктардын арманы

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына караштуу Чет-Нура—Ийри-Суу унаа жолунун абалы начар.

Айыл тургундарынын айтымында, бул жол менен тургундар 8 айылга каттайт. Аларды ташыган айдоочулар унаалары тез-тезден бузулуп, көп убара тартышууда.

«Бизди караган жан барбы? Бизге деле чоңдор келип, элдин ал-абалын сурап коюшса болмок. Өпкө, боору же моюну ооруп, остеохондрозу барлар жолдо келе жатканда айыгып калышат (күлүп). Биз шайлоодо эле керекпизби? Шайлоого аз калганда баштарын көтөргөн саясатчылар экинчи бул жакка басып келбегиле. 8 айылдын эли сиздерге муктаж эмеспиз. Болгону жолубузду оңдоп берсеңер калган жашообузду, тиричилигибизди өзүбүз оңдоп алабыз?», - дейт Мокен аксакал.

Ал эми айыл тургуну Айжамал Өмүрзакованын айтымында (аты-жөнү өзгөртүлдү), аталган айылда районду башкарган мурдагы 2 аким жашайт.

«Бизден төбөсү көрүнгөн адамдар чыккан. Ак-Кыя айылынан ЖКнын мурунку депутаты чыккан. Райондук электр тармактар ишканасынын учурдагы жетекчиси ушул айылдан. Ушундай адамдар чыкса, жол оңдолушу керек эле», - деди ал.

Чет-Нура айыл өкмөтүнө Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу, Төш-Булак айылдары кирет.

Аталган Чет-Нура—Ийри-Суу унаа жолу Нарын райондук №8 жол тейлөө мекемесине карайт. Аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Мусабаевдин айтымында, аталган жол сүрдүрүлгөнүнө 2 эле жума болгон.

«Менин карамагымдагы жолдун 70 пайызы ушундай жолдор. Бир эле Ийри-Суу жолу эмес, Нарын—Орук-Там, Нарын—Он-Арча, Жаңы-Талап—Ашырма жана 8-Март айылына бараткан жолдор бүт ушундай. Менин планымда жолдор 1 айда бир сүрдүрүлөт. Азыр Нарын—Орук-Тамда грейдер иштеп жүрөт. Биз сүрдүргөндөн кийин 2 жумага жетпей кайра эле «шифер» болуп калат.

Жолдун жалпы узундугу 35 чакырым. Быйылкы жылы Орто-Саз жана Ийри-Суудагы жалпы 1 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Элден жол тууралуу сурамжылоо жасайлы. Антпесе айылдан 5-6 эле «дежурныйлар» сүйлөй беришет. Сүрдүрүп, жасап кетсек деле көргөн жокпуз деп айта беришет», - деди Акылбек Мусабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×