Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 08.10.2019 14:42

Миң-Булактагы жардамга муктаж үй-бүлөгө айылдаштары үй куруп жатат

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылындагы аз камсыз үй-бүлөгө айылдаштары үй куруп беришүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Быйылкы жылдын жай айында Миң-Булак айыл башчысы Замирбек Маштаев демилге көтөрүп, айылдын жаштары үй салып баштаган.

«Айылыбызда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Алардын бири Бердибек Жакшылыковдун үй-бүлөсү. Үч баласы бар. Бул байке эч жерде иштебейт. Азыркы жашап жаткан тамы атасынан калган. Анын эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу дубалдарында жаракка кетип, кулап калуу абалында турат.

Үй куруу боюнча демилге көтөрүп чыкканбыз. Айыл элинин колдоосу менен салынып жатат. Бүгүнкү күндө пайдубалы куюлуп, дубалы көтөрүлүп бүттү. Үйдүн чатыры, терезе-эшиктери даяр. Аларды айылдан чыккан байкелерибиз алып беришти. Андан сырткары, кой-козуларды жардам катары берип жатат. Быйыл буюрса бүтүрүп киргизебиз. Үйдү айылдын тургундары куруп жатышат. Ал эми келип жардам бере албагандар четте карап отурбастан, куруучуларга тамак-ашын жасап келип берип жатышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×