Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 05.10.2019 12:00

Нарын районунда алдыңкы мугалимдер сыйланды

Turmush -  Нарын районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, алдыңкы мугалимдер сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районунун акиминин орун басары Сымбаткан Аттокурова, облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиев жана мектептерден келген 300гө чукул мугалимдер катышты. Бийлик өкүлдөрү мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, өкүлчүлүктүн жана акимчиликтин ардак грамоталарын тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мугалимдер «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери жана министрликтин ардак грамоталары менен сыйланышты. Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, сый тамак уюштурулду.

Бүгүнкү күндө райондо 34 билим берүүчү мекеме бар. Анда 1060 мугалим эмгектенип, 9 миңге чукул окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×