Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 03.10.2019 13:15

Нарын районунда карыяларга сый тамак берилди

Turmush -  Нарын районунда Карылардын эл аралык күнү белгиленип, аларга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы Азат Идирисов билдирди.

Райондун айыл аймактарында карылардын урматына дасторкон жайылып, сый көрсөтүлдү. Айрым карыяларга акчалай жардамдар берилди. Майрамдык иш-чара өнөрпоздордун концерттик программасы менен коштолду.

Карылардын эл аралык күнүнө карата райондун аймагында бир айлык жарыяланып, анын алкагында кайрымдуулук иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Райондо 15 айыл өкмөт жана 36 айыл бар. Аларда 70 жаштан ашкан 600дөн ашуун карыя жашайт. Анын ичинде 90 жаштан 100 жашка чейинки курактагы 74 жана 100 жаштан ашкан 5 карыя бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×