Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 30.09.2019 10:20

Нарын районунда табигый кырсыктан сактануунун жолу түшүндүрүлдү

Turmush -  Нарын районунун айылдарында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыктын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кеңеш, Алыш, Дөбөлү, Таш-Башат, Эки-Нарын айылдарындагы мектептерде жана бала бакчаларда Нарын райондук жана Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан өзгөчө кырдаал жана өрт учурунда адам өзүн кандай алып жүрүшү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери уюштурулган. Ошондой эле лекциялар окулуп, атайын баракчалар таратылды.

Иш-чарага жалпы 277 жаран катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×