Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 27.09.2019 14:57

Нарын районундагы окуучулар милиция кызматкерлеринин колунан белек алышты

Turmush -  Бүгүн, 27-сентябрда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында окуучулар үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн иш-чаранын максаты — Нарын районунун аймагында өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чараларды күчөтүү, келечек муундарды Ата Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо. Ага Нарын РИИБдин өздүк курамы, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Иш-чарада окуучулар тарабынан ырлар көркөм окулуп, өздөрү даярдап келген концерттик программа тартууланды. Мындан тышкары иш-чаранын бардык катышуучуларына Нарын РИИБдин күнүмдүк иштөө тартиби (иш бөлмөлөр, жабдуулар) тааныштырылды. Ошондой эле окуучуларга тарбиялык мааниси бар, кылмыштуулуктун алдын алуу максатын көздөгөн тасмалар, роликтер көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында ачык эшик күнүн өткөрүүгө активдүү катышкан мугалимдерге ардак грамота жана өнөрлүү, үлгүлүү окуучуларга ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×