Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 26.09.2019 22:00

Миң-Булакта жардамга муктаж үй-бүлөгө үй курулуп жатат

Turmush -  Нарын районунун Миң-Булак айылындагы жардамга муктаж үй-бүлөгө демөөрчүлөр жана тургундар тарабынан үй курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Миң-Булак айылынын тургуну Турдугүл Аскалиева 5 баланын энеси. Күйөөсү Өмүрбек Баймоңолов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын буга чейин турак жайы жок болгондуктан өтө оор абалда жашап келишкен. Учурда алар үчүн курулуп жаткан турак үйдү суук түшкөнгө чейин бүткөрүү иштери кызуу жүрүүдө.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Семетей Черикбаев менен тургундар жаз айларында аталган үйдүн пайдубалын куюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×