Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 20.09.2019 18:29

Нарын районунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду

Turmush -  Нарын районунда Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу, өзгөчө жаш өспүрүмдөр арасында жол коопсуздугун сактоо максатында «Салам, мектеп» аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын штабынан билдиришти.

Анын жүрүшүндө жол эрежеси боюнча даярдалган мультфильмдер көрсөтүлүп, маалымат китепчелер таратылды. Ошондой эле жол сакчылары өспүрүмдөргө жол белгилери боюнча түшүндүрмө берип, алардын кызыктырган суроолоруна жооп кайтарып, күнүмдүк иштериндеги кызыктуу учурлар туурасында айтып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×