Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 15.09.2019 16:28 На русском

Нарында 2,5 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

12-сентябрь күнү өткөн ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты. Анын курулушуна 2 млн 500 миң сом бөлүнгөн. Анын 1,5 млн сомун жергиликтүү тургундар чогултса, 1 млн сом Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан берилген.

Айыл өкмөт башчысы Осмонбек Өмүралиевдин айтымында, кичи футбол аянтчасы партиялык жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×