Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуНарын району 14.09.2019 18:39 На русском

«Салам мектеп»: Нарында окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Нарын районундагы мектептерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан окуучуларга түшүшндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын РИИБден билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Нарын районунун аймагындагы мектептерде «Салам мектеп» аталышындагы профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Анын алкагында жергиликтүү бийликтин, райондук билим берүү, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда рейддер дагы жүргүзүлдү. Ошону менен бирге өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулукту, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелердин катышуусунда чогулуштар уюштурулду.

Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан окуучуларга жолдо жүрүү эрежелери түшүндүрүлүп жатат. Жол тескөөчүлөр жолдун боюнда жайгашкан мектептерде окуучуларды жолдон өткөрүшүүдө. «Салам мектеп» профилактикалык иш-чарасы 20-августтан 20-сентябрга чейин уланат.

Нарын району боюнча жалпы 34 билим берүү мекемеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×