Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 12.09.2019 11:54

Нарын районунда түшүм жыйноо иши кандай жүрүп жатат?

Turmush -  Нарын районунун аймагында күзгү ооруп-жыйноо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Абакировдун айтымында, бүгүнкү күндө дан эгиндердин 80 пайызы жыйналды.

«Буюрса аба ырайы ачык болуп турса 10 күн аралыгында толук жыйнап бүтүү аракети көрүлүүдө. Аба ырайы кескин өзгөрүп, алыскы жайлоолордо кар жааганына байланыштуу малчыларга кыйынчылык жаралууда. Малдар качып, айылдарга түшүп жатат. Мындан улам малдарга талатпастан, түшүмдү жыйнап алууга шашып жатабыз. Дан эгиндерин оруп бүткөн айыл аймактардын комбайндары башка айылдарга жардамга жиберилүүдө. Учурда Нарын районунда жалпысынан 58 комбайн болсо, 47 комбайн дан эгин жыйноого катышууда. Белгилей кетсек, комбайндар эски. Механизатор жүргүзүп жатат», - деди Кыялбек Абакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×