Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 02.09.2019 09:04

Нарындагы унаа кырсыктан 2 адам жаракат алып, ооруканага түштү

Turmush -  Кечээ, 1-сентябрда Нарын—Бишкек—Торугарт унаа жолунда «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып, 2 адам жабыр тартты. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Калыс Өмүрзаков билдирди.

Маалыматка караганда, унаадагы 2 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

«1-сентябрь күнү Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 348-чакырымында «Мазда Демио» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 2 адам жаракат алып, Нарын облустук ооруканасынын сынык жаракат бөлүмүнө жаткырылды», - деди Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×