Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 30.08.2019 13:08 На русском

«Сагынып кеттим»: Нарында аялына башка бирөөдөн келген быйтыкчаларды көргөн күйөөнүн окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын райондук соту Кайраттын (аты-жөнү өзгөртүлдү, К.А.) ишин карап чыгып, чечим чыгарды.

Айыпталуучу 1977-жылы Нарын районунда туулган. Билими орто, убактылуу иштебейт. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес.

Кайрат 2019-жылдын 16-мартында саат 18:00 чамасында социалдык тармактардын бирин карап отурган аялы Самаранын колунан (аты-жөнү өзгөртүлдү, С.М.) уюлдук телефонун алган. Андан соң аялына бейтааныш адамдан: «Салам, мен сени сагынып кеттим» деп келген катты окуп калган. Бул катты шылтоо кылып 17-мартта аялын ур-токмокко алып, саламаттыгына жаракат келтирип, конституциялык жана башка укуктарын, эркиндигин бузган.

Кайрат Жоруктар кодексинин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен айыпталган.

Анын айтымында, Самара менен бир үй-бүлө болуп жашаганына 15 жыл болгон. Аялы экөөнүн ортосундагы чыр Самаранын уюлдук телефонуна келген каттан улам чыккан. Тактап айтканда, 16-мартта саат 21:30 чамасында аялы Самара социалдык тармактардын биринде бирөө менен кат жазышып отурган. Кайрат анын колунан телефонду алып, ага: «Мен эркелеп коюптурмун, ага таарынган жоксуңбу?» деп жазылган катты көргөн. Андан кийин аялы ага жооп кылып «Жок, таарынган жокмун» деп жооп бергенин окуган. Ошондой эле аялы ага быйтыкчаларды кетирген.

Айыпталуучу белгилегендей, аталган күнү аялы менен урушкан эмес. Эртеси, 17-мартта Самара телефондогу каттарды өчүрүп салган. Кайрат андан «Эмне үчүн өчүрүп салдың?» деп суроо бергенде, Самара катты танып баштаган. Ошондон улам урушуп кетишкен. Ачууга алдырган айыпталуучу аялын бетине эки жолу чапкан. Ошол күнү саат 20:30 чамасында жабырлануучу үйдөн чыгып кеткен.

Соттук отурумда айыпкер Кайрат күнөөсүн толук мойнуна алып, жеңил жаза чектөөнү өтүндү. Ошондой аялы менен ажырашпай турганын билдирди.

Ал эми Самара 16-мартта саат 20:30 чамасында уюлдук телефондон социалдык тармактардын бирин колдонгонун, ошол маалда тааныбаган киши кат жазганын, андан кийин күйөөсү телефонду алып, «Бул киши ким?» деп уруш чыгарганын айтты. Андан кийинки сөзүн улап, күйөөсүнө ал кишини тааныбай турганын айтып, «Куран» китебин кармап карганганын билдирди. Самара ошол күнү ыйлап жатып алган. Эртеси, 17-мартта дагы уруш чыгып кетпесин деп телефондогу каттарды кызы экөө өчүрүп коюшкан. Күйөөсү Кайрат үйүнө мас абалда барып, «Катты эмнеге өчүрөсүң?» деп, катуу ур-токмокко алган. Ошол маалда үйдө кайын атасы, кайын энеси балдары болгон. Айыпталуучу Самарага бычак такап жатканда кайын атасы ортого түшүп, келинин бошотууга аракет жасаган. Бирок Кайрат эч нерсе укпай атасын мурунга чаап, эшикке сүйрөп чыгып, үйдөн кубалаган.

Самара эртеси милицияга арыз жазып, 20 күн ооруканада башын дарылаткан. Ал сот залында ушул мезгилге чейин күйөөсү кечирим сурап бир дагы жолу басып келбегенин, аны менен жашоого негиз жок экенин, аны кечирбей турганын кошумчалады.

Жыйынтыгында сот Кайрытты күнөөлүү деп таап, 50 саат коомдук жумуштарда иштесин деген чечим чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×