Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 29.08.2019 16:37

Нарын районундагы жайлоолордо курулган чабан үйлөр. Сүрөт

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылындагы жайлоолордо чабан үйлөр жана мал дарылоочу жай курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Дөбөлү айылынын башчысы Уланбек Алсейитов билдирди.

Маалым болгондой, АРИС жана жергиликтүү бийлик тарабынан 2 чабан үй жана 2 мал дарылоочу жай курулган. Жалпы каражат 1 млн 34 миң сомду түзүп, өздүк салым катары 78 миң сом бөлүнүп берилген.

«Чабан үйлөр контейнерлерден курулган. Бул өз кезегинде чабандардын көчүп-конуусуна жеңилдик түзөт. Алар боз үйлөрдү ташыбай калышат. Курулган үйлөргө жылытуучу мештер дагы орнотулган. Муну менен биргеликте мал дарылоочу жайлар курулду. Бул биринчиден малдарды жеринен дарылаганга шарт түзүлөт», - деди Уланбек Алсейитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×