Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 11.08.2019 09:54

Нарында согуштун ардагерлерин Курман айт майрамы менен куттукташты

Turmush -  Нарын районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Социалдык фонддун райондук башкармалыгынын өкүлдөрү ардагерлер — Асек Усубалиев, Шаажусуп Бугубаев жана Азык атанын үйлөрүндө болушуп, Курман айт майрамына карата азык-түлүктөрдү тапшырышты.

Алардын куттуктап келгенине ыраазы болгон ардагерлер баталарын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×