Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 11.08.2019 09:27

Сүрөт — Нарында 5 миңден ашуун адам Курман айт намазын окуду

Turmush -  Бүгүн, 11-августта Нарын шаарынын борбордук мечитинде Курман айт намазы окулду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, алгач мечиттин имамы Эрик Молдокулов чогулган жергиликтүү тургундарга Курман айт майрамында курмандык чалуунун эрежелери туурасында айтып берди.

Андан соң өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев жалпы элди Курман айт майрамы менен куттукташты.

Андан кийин Курман айт намазы окулуп, ага болжол менен 5 миңден ашуун адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×