Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 10.08.2019 11:12

Бишкек—Нарын—Торугарт жолуна тигилген боз үйлөр алынып, чогулган эл тарады

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт жолуна тигилген боз үйлөр алынып, чогулган тургундар тарап кетишти. Бул тууралуу Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, ар бир айылдан бештен киши шайланып, комиссия түзүлмөкчү.

«Бүгүн түнү бул жол жээгине чогулган эл тарап, боз үйлөр чечилип жатат. Солтон-Сары кениндеги маселенин чечилишин, жыйынтыкты дагы деле күтөбүз. Тарап жатканыбыздын себеби облустун жетекчиси А.Кайыпов, аким С.Черикбаев келип, эл менен жолукту. Сүйлөшүүлөр менен ар бир айылдан бештен адам шайланып, бул маселе боюнча комиссия түзүлмөй болду.

Тандалган ишенимдүү адамдар алтын кен боюнча коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлгө алышат. Эл Солтон-Сары кени боюнча маселенин чечилишин күтөт, - дешти тургундар.

Ал эми Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, нааразычылык акциясын улантып жатышкан адамдар 9-августта саат 22:35 чамасында тигилген боз үйлөрүн чечип, тарап кетишти.

«Тургундар Солтон-Сары өрөөнүндө иш алып жаткан ««Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining Company)» ишканасынын ишин токтотууну талап кылышып, Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун Нарын районунун Кара-Чий айылынын тушуна боз үйлөрдү тигип, нааразычылык акциясын улантып жатышкан. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында 9-августта саат 22:35 чамасында тигилген боз үйлөр чечилип, ал жердеги нааразычылык акциясын улантып жатышкан адамдар толугу менен тарап кетишти.

Учурда Нарын облусунун аймагында саясий кырдаал туруктуу», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Нарын районунун тургундары 7-августта Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Кара-Чий айылындагы аймагында боз үйлөрдү тигишкени маалымдалган.

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун жээгинде чогулган жергиликтүү тургундар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining Company)» компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан.

Алардын айтымында, аталган компанияга Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенди иштетүүгө мыйзамсыз жол менен уруксат берилген. Ошондуктан аталган компаниянын лицензиясын жараксыз деп таанып, жокко чыгаруу керектигин билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×