Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 07.08.2019 12:21 На русском

Солтон-Сарыдагы абал: Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолуна боз үйлөр тигилди. Видео

Село Кара-Чий Нарынского района
Село Кара-Чий Нарынского района
// Turmush

Turmush -  Нарын районунун тургундары бүгүн, 7-августта Кара-Чий айылынын Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда боз үйлөрдү тигишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда жолдун боюна 8 боз үй тигилген.

Кечээ, 6-августта Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылып чогулган эл премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келишин суранышкан жана өкмөт башчы келбесе жол тосула турганы айтылган.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотуу боюнча жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн жазган. Бирок эки тарап бир пикирге келе алышкан эмес.

Кечээ, 6-августта Солтон-Сары алтын кенине чогулган жергиликтүү тургундар менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана башка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушкан. Анын алкагында тургундар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining)» компаниясынын ишин токтотуу жана лицензиясын кайра кайтаруу талаптарын коюшкан. Вице-премьер-министр К.Боронов алардын талаптары мыйзам чегинде караларын жана кытайлык компаниянын иши убактылуу токтотуларын айткан. Бирок жергиликтүү тургундар компаниянын алтын кендеги ишин биротоло токтотуп, техникалык жабдыктарды алып кетүүнү талап кылышкан. Ошондой эле маселени жеринде чечүү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келишин суранышкан.

Аймактык кабарчы кечээ, 6-августта Солтон-Сарыга баргандардын болжолдуу саны 800гө жетти. Алардын арасында Ысык-Көл облусунан дагы баргандар бар.

Буга чейин Turmush басылмасы Солтон-Сарыда жашоочулар менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытышканын жазган.

-----------------------------------------------------------

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын облусуна жөнөп кеткенин кечээ, 6-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулган. Ал жерге 300дөн ашык жергиликтүү тургун барганын аймактык кабарчы билдирген.

Жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугушкан. Тургундар кытайлык компаниянын ишин токтотуп, бардык техникаларын кенден алып кетүүнү талап кылышууда. Чогулгандар комбинат жайгашкан аймакка жөө барышкан.

Саат 19:05

Жашоочулар техникалар жайгашкан аймакка барышкан. Алар техникаларды чыгаруу талабын коюшкан.

Окуя тууралуу:

2-августта Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан кытайлык компаниянын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыккан.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-августта Нарын РИИБге кенди иштетип жаткан компаниянын ортомчусу «Синь Цзян» ишканасында иштеп жаткан кытайлык жарандар менен 2 чабандын ортосунда өз ара келишпестиктер болуп, урушуп кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзгөн.

2-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Нарын районуна караштуу Оттук айылынын 1986-жылы туулган тургундары А.К. менен Т.у.Ж. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен Кара-Кужур жайлоосуна бара жатканда унаанын суусу ысып кеткен. Алар кенди иштеткен «Жонг Жи Майнинг» компаниясынын ортомчу ишканасы «Синь Цзян» фирмасы тарабынан ижарага алынган сарайга жардам алуу максатында киришкен. Бирок ал жакта отурган 20га жакын кытайлык жарандар менен өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам уруш чыгып кеткен. Анын кесепетинен аталган 2 адам жана ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Миң-Булак айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.З. жаракат алышкан.

Жабыркаган кыргыз жарандары окуя боюнча арыз жазышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×