Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 05.08.2019 20:31 На русском

Cүрөт: Солтон-Сарыда жашоочулар менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытышты

Turmush -  Бүгүн, 5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулду. Аталган аймакка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да келишти, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жергиликтүү жашоочулар кен чыккан аймактан техникаларды чыгарып кетүү талабын коюшкан. Алар күтүп, бирок жыйынтык чыкпагандыктан атчан жашоочулар кен иштеткен кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышкан.

Тургундардын болжолдуу маалыматы боюнча, атчандарга таш ыргытышкан. Буга нааразы болгон нарындыктар да кен иштеткен компаниянын кызматкерлери тарапка таштарды ыргытып башташкан. Мындан кийин жаңжалды токтотууга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү киришип, учурда компаниянын кызматкерлери менен техникалык каражаттар нарындыктардын коштоосунда тоонун боорунан түшүрүлүп жатат.

Буга чейин жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугушуу өткөргөн.


-----------------------------------------------------------------------

2-августта Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан кытайлык компаниянын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыккан. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган болчу.

Маалым болгондой, 2-августта Нарын РИИБге кенди иштетип жаткан компаниянын ортомчусу «Синь Цзян» ишканасында иштеп жаткан кытайлык жарандар менен ал жакта мал баккан 2 чабандын ортосунда өз ара келишпестиктер болуп, урушуп кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү жүргүзгөн.

2-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Нарын районуна караштуу Оттук айылынын 1986-жылы туулган тургундары А.К. менен Т.у.Ж. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен Кара-Кужур жайлоосуна бара жатканда унаанын суусу ысып кеткен. Алар кенди иштеткен «Жонг Жи Майнинг компани» компаниясынын ортомчу ишканасы «Синь Цзян» фирмасы тарабынан ижарага алынган сарайга жардам алуу максатында киришкен. Бирок ал жакта отурган 20га жакын кытайлык жарандар менен өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам уруш чыгып кеткен. Анын кесепетинен аталган 2 адам жана ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Миң-Булак айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.З. жаракат алышкан.

Жабыркаган кыргыз жарандары окуя боюнча арыз жазышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында арыздануучулар жана «Синь Цзян» ишканасынын кызматкерлери, окуянын күбөлөрү Нарын РИИБге алынып келип, териштирүү иштери улантылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×