Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 04.08.2019 15:13 На русском

Солтон-Сары кениндеги кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты

Turmush -  2-августта Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан кытайлык компаниянын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыкты. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 2-августта Нарын РИИБге кенди иштетип жаткан компаниянын ортомчусу «Синь Цзян» ишканасында иштеп жаткан кытайлык жарандар менен ал жакта мал баккан 2 чабандын ортосунда өз ара келишпестиктер болуп, урушуп кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү жүргүзгөн.

2-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Нарын районуна караштуу Оттук айылынын 1986-жылы туулган тургундары А.К. менен Т.у.Ж. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен Кара-Кужур жайлоосуна бара жатканда унаанын суусу ысып кеткен. Алар кенди иштеткен «Джонг Джи Майнинг компани» компаниясынын ортомчу ишканасы «Синь Цзян» фирмасы тарабынан ижарага алынган сарайга жардам алуу максатында киришкен. Бирок ал жакта отурган 20га жакын кытайлык жарандар менен өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам уруш чыгып кеткен. Анын кесепетинен аталган 2 адам жана ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Миң-Булак айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.З. жаракат алышкан.

Жабыркаган кыргыз жарандары окуя боюнча арыз жазышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында арыздануучулар жана «Синь Цзян» ишканасынын кызматкерлери, окуянын күбөлөрү Нарын РИИБге алынып келип, териштирүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×