Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 02.08.2019 10:09

Бөбөктөрдүн «ачуу» сынына кабылган Ардак жеңенин тоюндагы окуя

Ардак Казиева
Ардак Казиева

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын районунун Миң-Булак айылынын 34 жаштагы тургуну Ардак Казиева.

Анын айтымында, мектепти аяктап эле турмуш жолуна узап, келиндик доору кызыктуу башталган.

«Жаңы келин болуп келгенде көп эле кызыктуу күндөр өттү. 2002-жылы мектепти аяктап эле турмушка чыктым. Ошондо жолдошум да, аяштарым да мага аябагандай улуу көрүнгөн. Алар тур десе туруп, отур десе отура бериптирмин. Жашмын да. Той күнү үйгө жеткенче аябай ыйлап келгем. Аяштарым «болду, ыйлаба» деп соороткон сайын ыйладым. Бир маалда алар «ыйлабай буларды үйлө» деп колума шарларды карматып коюшту. Мен ыйлаганымды унутуп, берилүү менен шарларды үйлөп баштадым. Аяштарыбыз «шар үйлөтсөк ыйлабай калды» деп аябай күлүшкөн.

Мен үйдө кичүү болгондуктан эрке кыз элем. Көбүнчө эки эжем жумуш жасачу. Мен болсо мектептен келип эле тапшырмаларды аткарып, эшикке чыгып ойноп, кечинде тамак ичип жатып калчумун. Кийин турмушка чыкканда баарын жасоого туура келди. Бир жолу оромо бышырдым. Анын камырын аябай чоң жана калың жайып алыптырмын. 45 мүнөттө эле бышчу тамак такыр бышпай койду. Баарыбыз столго келип күтүп отурабыз. Улам-улам чуркап барып, апама (кайын эне) оромодон кесип келем. "Кокуй, мунуң дагы деле быша элек экен. Кичине кое туралы" деп коет. Ошентип жатып оромом эки саатта араң бышты. Апам азыркыга чейин эстеп күлүп калат. Эжелерим дагы "сен мурун үйдө мейманканага келгендей эле жашачу элең. Ушунча жумушту жасаганыңа таң калып жатабыз, көрсө дээриңде бар экен" деп тамашалап калышат», - дейт ал.

Ардак жеңе учурда жогорку окуу жайдын биринде билим алат.

«Кайын энем, кайын атамдар айылга төбөсү көрүнгөн сыйлуу кишилер. Апам көп жылдар бою айылыбыздагы А.Тыныбеков орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда. Мен жаңы келгенде эле өз кызындай кабыл алып, тарбиясын берген. Ал кишинин тарбиясы менен ушул деңгээлге жеттим. Кудайга шүгүр, жолдошум түшүнүктүү адам. 3 кыздуу болдук, экөө мектепте окуйт. Кичүүсү 3 жашта.

Учурда бала бакчада тариячымын. Бул тармакка келишиме кайын энем түрткү болду. Мектепке чейинки билим берүү боюнча окугам. Учурда билимимди жогорулатып, Нарын мамлекеттик университеттен билим алып жатам», - деди ал.

Каарманыбыз бала бакчадагы балдардын айтканын да эстеп күлүп калат.

«Алгач тарбиячынын жардамчысы болсом, эки жылдан бери тарбиячы болуп иштеп жатам. Бала бакчадагы балдар да күзгү болот экен. Үч-төрт күн бир эле жолукту салынып келген окшойм. "Күндө бир эле жоолук салынып келесиз, башка жолугуңуз жокпу?" деп айтышкан. Алардан уялганымдан "башка жолугум деле бар болчу" деп күлүп эле калгам. Эртеси башка жоолук салынып келсем, "аябай сулуу көрүнүп калдыңыз" деп макташкан. Ага чейин маани деле берчү эмесмин. Бул сөздү уккандан кийин жумушка дагы түрлөп кийиниш керек экен деп калгам», - деди ал.

Ардак жеңе волейбол ойноого кызыгат. Андан сырткары бала бакчалар арасында өткөн бир катар сынактарга катышып, ардак грамоталар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×