Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 31.07.2019 17:13

Нарындагы тоодо жазуу пайда болду. Сүрөт

Turmush -  Нарын районунун Таш-Башат айылындагы тоонун боорунда жазуу пайда болгондугун жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, ыйык жазуу жазылган.

«Тоонун боорунда "Аллах" деген сөзгө окшош жазуу пайда болду», - деди тургундар.

IMG_20190729_144831

-----------------------------------------------------------------------------------

Өзгөн районунда аарылар бал челекке «Аллах» деген жазуу тартылган бал топтошкон. Бул тууралуу Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев билдирген.

Анын айтымында, ал үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери бал аары кармашат.

«21-июль күнү бал челектеги балды көрүп коелу деп Өзгөн районунун Алтын-Булак айылындагы атабыз Абдирайым карынын үйүнө барганбыз. Бир убакта бал челектеги рамкаларды алып жаткан уулум чуркап келип, "ата" деп калды. Карасак, аарылар рамкага "Аллах" деп жазылган бал чогултушуптур. Бул дагы кудайдын буйругу», - деди ал.

-----------------------------------------------------------------------------------

Ош шаарында асманда ыйык жазуу пайда болгону болжолдонгон. Бул тууралуу маалыматты «Ош» эл аралык аэропортунун кызматкери Замирбек Зубаиров тастыктаган болчу.

Анын айтымында, 11-май күнү саат 20:15 чамасында асманда булуттардан араб тилиндеги «Аллах» деген жазуу пайда болгон. Ал жазууну «Ош» эл аралык аэропортунун кызматкерлери сүрөткө жана видеого тартып алышкан.

«Жазуунун пайда болгондугу чын. Мындай жазуу асманда пайда болгонун биринчи жолу көрдүм. Биздин кызматкерлер жазууну бир аз кечигип тартып алышыптыр. Ага чейин жазуу даана көрүнүп турган. Аны көргөн кишилер "Аллах" деп жазылып тургандыгын айтышты. Бирок мен эмне деп жазылгандыгын так айта албайм», - деген Замирбек Зубаиров.

Ал эми Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин айтымында, асманда пайда болгон жазуу араб тилиндеги «Аллах» деген сөзгө окшош, бирок так эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×