Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 31.07.2019 14:53

Солтон-Сарыда өлгөн уй менен торпок боюнча ветеринар эмне дейт?

Turmush -  Нарын районунун Солтон-Сары өрөөнүндө өлгөн уй менен торпок тартылган видеолорду социалдык тармактын колдонуучулары өздөрүнүн баракчаларына жайгаштырып, алардын өлүмүн кендеги иштер менен байланыштырышкан. Бул видеолор боюнча аймактык кабарчыга Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Тазабек Мамыров жооп берди.

Анын билдиргенине караганда, уй менен торпок оорудан улам өлгөн.

«Интернетке чыгып кеткен чарала уй Ө.Зарылбек деген жигиттин ую экен. Ал болсо «эмне себептен өлгөнүн билбейм, мурда ооруп жүргөн» дейт. Түшүнүк кат жаздыртып алдым, менде турат. Ал катта «өлгөн уйду интернетке чыгар деп эч кимге айткан эмесмин. Аны белгисиз адамдар гана жайылтып, пайдаланып жатат» деп жазылып турат. Ал эми торпок Асек деген кишиники экен. Торпок болсо белгисиз себептерден улам өлгөн. Алар дагы өлгөнүн билбей калып, ветеринардык кызмат кеч барыптыр. Торпок болсо чирип кеткен. Пастереллез оорусу чыккан, биз ошондон көрүп жатабыз.

Ал жерде 5 айыл өкмөттүн чабандары бар. Жалпысынан 71 чабан ошол жерде жайлайт. Солтон-Сары өрөөнү боюнча 27 миң 89 баш кой, 2 миң 455 баш уй, 2 миң 700 баш жылкы бар. Пастереллез оорусу жаңы чыгып жаткандыктан чектөө киргиздик. Анын негизинде пастереллез оорусуна карата эмдөө жүрүп жатат. Муну саясатташтыра берген туура эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×