Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 31.07.2019 08:21 На русском

2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Нарында каза болгондордун бири 6 айлык наристе болчу (сүрөт)

Turmush -  Нарын—Баетов унаа жолунун 90-чакырымында катталган жол кырсыкта каза болгондордун бири 6 айлык наристе болгон. Бул тууралуу Нарын облустук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Айбек Манапбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жол кырсыктан жабыркаган 4 адамдын абалы оор.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, кечээ, 30-июлда Нарын—Баетов унаа жолунда 2 унаа кагышкан. Окуя болгон жерге Нарын облустук ооруканасынын тез жардам кызматы барган жана жаракат алган адамдар аймактык ооруканага жеткирилген. Дарыгер Айбек Манапбаев Нарын облустук ооруканасына 3 адам оор абалда келип түшкөнүн билдирди.

«Биздин ооруканага эртең мененки саат 10:00-11:00 чамасында Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынан чакыруу түшкөн. Бул жактан дарыгерлер тез жардам унаасы менен бардык. Маалыматка караганда, эртең мененки саат 9:00 чамасында 2 жеңил унаа кырсыкка учураган. Анын кесепетинен жалпы 12 киши жабыркаптыр. Тилекке каршы кырсык болгон жерден 6 айлык кыз жана бир аял киши көз жумган. Биз баргыча райондук оорукананын тез жардам кызматы кырсыкка кабылгандарды аймактык ооруканага жеткирип, алгачкы жардамды көрсөтүп жатышкан экен. Биз ооруканага барып, жеринен консультация бердик.

Нарынга 4 жабырлануучуну алып келдик. Анын бири жандандыруу бөлүмүнө (ачык сынык), анын жубайы сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. Экөөнүн тең абалы оор. Ак-Талаанын ооруканасында 3 жаш бала, 2 аял киши, 2 эркек киши калды. Жаракаттары ар кандай. Бир жаш баланын кашка жилиги сынып, ички органдарынан оор жаракат алган. Кээ биринин колу-буту сынып, ички органдарынан оор жаракат алышкан, мээси чайкалгандары да бар», - деди дарыгер.

Turmush басылмасы кечээ, 30-июлда эртең менен Нарын–Баетов унаа жолунун 90-чакырымында 2 унаа кагышып, 10 киши оор жаракат алып, 2 адам каза болгонун жазган.

Маалым болгондой, «Ниссан Сефиро» үлгүсүндөгү унаа менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. «Ниссан Сефиродо» бала-чакалары менен 7 адам, «Тойота Ипсумда» 5 адам болгон. Кырсыктан 10 адам катуу жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Учурда бул кырсык боюнча тийиштүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×