Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 30.07.2019 14:34 На русском

«Колум эмнеге мындай?»: Заң чыгаруучу тешиги жок төрөлгөн Уларбек эки манжа менен сүрөт тартат

Turmush -  Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын 11 жаштагы тургуну Уларбек Токтобеков 3 жашынан бери сүрөт тартат. Анын эки колунун айрым манжалары өспөй калган. Учурда жаш талант 2 манжасы менен гана сүрөт тартып, жакындарын кубандырып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач мектеп босогосун аттаганда классташтарынан уялган.

«Мен 3 жашымда эле сүрөт тарта баштадым. Ошол кезде бала бакчага барчумун. Көп учурда жаратылышты жана гүлдүн түрүн тартып, аларды апама, таенеме жана жакындарыма белекке берем. Мектепте классташтарым дагы мага «сүрөттү жакшы тартасың» деп көп тарттырып кетишет. Менин 2 манжам гана кыймылдайт. Тоскоолдуктар деле жаралбайт. Сүрөт тартуудан чарчаганда эшикке чыгып, эс алып келем. Ушул күнгө чейин тарткан сүрөттөрүмдүн бардыгын катып, кийин балдарыма көрсөткүм келет. Мындан тышкары компьютер жана менталдык арифметикага кызыгам. Мектептеги концерттик иш-чараларда «Манас» эпосунан үзүндү айтам жана ырдайм. Келечекте Сүймөнкул Чокморовдой атактуу сүрөтчү болгум келет.

Мектепке жаңы барганда классташтарымды көрүп, «менин колум эмнеге мындай?» деп ыйлачумун. Бирок азыр антпейм. Анткени досторум мага жакшы мамиле жасап, кышында кийим кийүүгө жардамдашып, мени менен чогуу ойношот», - деди ал.

Жаш сүрөтчүгө кичинекей кезинен бери 50 жаштагы таенеси Гүлфарида Исраилова тарбия берип келет.

«Кызым удаа төрөгөндүктөн неберем Уларбекти 2 айлык кезинде эле өзүм колго алып чоңойтком. Анын 2 колунун айрым манжалары өспөй калган, кээ бирөөсү кыймылдабайт. Ушундай төрөлгөн. Мындан тышкары заң чыгаруучу тешиги жок жарык дүйнөгө келген. Ал жерине операция жасатканбыз, азыр жакшы. Кызым жаңы боюна бүткөн кезде сасык тумоо болуп ооруган экен. Ошол себептен неберем ушундай болуп төрөлүп калды.

Уларбектин колун түзөө үчүн шаардагы ооруканаларга алып бардык. Дарыгерлер «эгер колун түздөсөк, анда эки манжасы кыймылдабай калышы мүмкүн» дегенинен оюбуздан кайтканбыз. Чет өлкөлөрдөгү дарыгерлерге дагы көрсөткүбүз келет. Бирок ага каражатыбыз жетишсиз. Неберем сүрөт тартууга абдан кызыккандыктан аны кошумча сүрөт тартуу ийримдерине бергим келет. Бирок ал үчүн шаарда үйүң болуп же батирге чыгуу керек экен. Биздин айылда сүрөт тартуу боюнча ийримдер болгону менен шаардыкындай жетиштүү үйрөтө албайт.

Балама көп сарсанаа болом. Себеби кийин башкалардай болуп кара жумушка дагы жарабайт. Нарын шаарында үйүбүз болсо, уулумду ошол жактан окутуп, компьютердик курстарга алып барат элем. Өзү дагы абдан кызыгат, бирок шартыбыз жок.

Уларбектин атасы мындан 9 жыл мурун кырсыктап көз жумган. Ал эми кызым учурда Бишкек шаарында иштейт. Балам буга чейин колунан уялып, ката берчү. Азыркы тапта эс тартып, уялбай алдыга умтулуп, келечекке максат коюп калды. Өзү тамак жеп, кийине алат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×