Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 26.07.2019 17:12

Солтон-Сарыдагы кытайлык компанияга 83 пункттан турган эскертме берилди

Turmush -  Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан кытайлык компанияга Мамэкотехинспекция тарабынан 83 пункттан турган эскертме берилди. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын башчысынын орун басары Расул Артыкбаев Солтон-Сарыда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.

25-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, дубан башчысы Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Солтон-Сарыда эл менен жолугушуу өткөрүшкөн.

Алгач вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кытайлык «Zhong Ji Mining company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Компания тарабынан курула турган комбинаттын, калдыктарды сактоочу жайдын ордун көрдү. Андан соң эл менен жолугуп, буга чейин борбордук лабораторияга алынып кеткен малдын, топурактын жана суунун экспертизасы тууралуу тиешелүү кызматтын жетекчилери маалымат берди.

Расул Артыкбаев элдин кайрылуусунун негизинде плансыз текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Мамэкотехинспекциясы коопсуздук маселеси боюнча көзөмөл жүргүздү. Жалпы текшерүүнүн жыйынтыгы менен 83 пункттан турган эскертме берилди. Ар бир пункттун аткарылышы көзөмөлгө алынат. Аткаруу убактысы дагы көрсөтүлдү. Эгерде ошол убакытта компания пункттарды аткарбаса мыйзам чегинде чаралар көрүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

06.06.2019Солтон-Сарыдагы алтын кенинде 160 айыл тургуну иштеп жатат
17.07.2019Нарын районунун тургундары Солтон-Сары алтын кениндеги ишти токтотууну талап кылышууда
18.07.2019Солтон-Сары алтын кенинде чогулган эл кандай талаптарды коюшту? Видео
18.07.2019Солтон-Сары алтын кениндеги дагы бир жардыруу: Суу жана топурак текшерилүүдө (видео, сүрөт)
19.07.2019Жергиликтүү бийлик Солтон-Сары алтын кениндеги объектке барышты. Сүрөт
25.07.2019Сүрөт — Вице-премьер К.Боронов Солтон-Сары алтын кенине келди
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×