Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 26.07.2019 11:27

Солтон-Сарыдагы кытайлык компаниянын иши улантылат, - вице-премьер-министр

Turmush -  25-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, дубан башчысы Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Солтон-Сарыда эл менен жолугушуу өткөрүштү.

Алгач вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кытайлык «Zhong Ji Mining company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Компания тарабынан курула турган комбинаттын, калдыктарды сактоочу жайдын ордун көрдү. Андан соң эл менен жолугуп, буга чейин борбордук лабораторияга алынып кеткен малдын, топурактын жана суунун экспертизасы тууралуу тиешелүү кызматтын жетекчилери маалымат берди.

Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калыс Жумаканов өлгөн малдан эч кандай уулануучу зат табылбаганын айтты.

Ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Төлөнбай Исаков изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча сууда жана топуракта цианид жана мышьяк жок экенин билдирди.

Эл менен жолугушуу суроо-жооп менен уланып, биринчи вице-премьер-министр кытайлык компанияга талаптарды коюп, эгер алар аткарылбаса жумушту таптакыр токтоторун эскертти. Ал жолугушуунун аягында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Эл менен 2-3 сааттай сүйлөшүп отуруп чечим кабыл алдык. Эл дагы ошого макул болду. Чындап эле компаниянын экология, техникалык коопсуздук жана башка маселелер боюнча аткарыла элек жумуштары бар экен. Компания бул кемчиликтерди жойсо, ишти улантууга эл макулдугун берди. Буюрса компания ишин улантмак болду. Ал эми 22 козунун чыгымын компания жардам иретинде төлөп берүүгө макул болуп жатат. Себеби, ошол малдын ээси жаш бала экен. Жакындары да жок деп айтышууда. Бул мал ушул компаниянын айынан өлүп, чыгымдын ордун толтуруп берип жатат деген сөз эмес. Компания тарабынан жардам гана болуп жатат. Малдын өлүмү боюнча жыйынтыкты уктуңуздар. Мал оорунун кесепетинен өлгөнүн айтышты», - деди ал.

Кубатбек Боронов: «Бул жерде чынында ар кандай маселе бар. Өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, компаниядан жумуш алуу же болбосо кандайдыр бир каражат табуу үчүн чыккандар бар. Же болбосо мамлекетте стабилдүүлүктү каалабаган үчүнчү күчтөр дагы болушу мүмкүн деген ойлор бар. Мындан тышкары элге, жерге күйгөн чыныгы патриоттор да чыгышкан.

Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жарандык комиссия түздүк. Эки айыл өкмөттөн экиден төрт киши жана экотехинспекциянын кызматкери болуп 5 адам компаниянын ишине көз салышат.

Бүгүнкү күндө алтынга болгон үлүштү айтыш кыйын. Себеби лицензия 2012-жылы берилип кеткен. Лицензияда мамлекет ар бир инвесторго ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн шарт түзүп бериши керек деп жазылган. Азыр кеч болуп калды. 2013-жылга чейин лицензияларды 300 сомдон эле сата беришкен. Бул бир адамдын түшкү тамагына дагы жетпеген акча», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×