Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 26.07.2019 10:38

Солтон-Сарыда малдар эмнеден улам өлгөн? Калыс Жумакановдун жообу

Turmush -  Солтон-Сары жайлоосунда малдар уулануудан эмес, оорудан улам өлгөн. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калыс Жумаканов Солтон-Сарыда эл менен жолуккан учурда билдирди.

25-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, дубан башчысы Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Солтон-Сарыда эл менен жолугушуу өткөрүштү.

Алгач вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кытайлык «Zhong Ji Mining company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Компания тарабынан курула турган комбинаттын, калдыктарды сактоочу жайдын ордун көргөн. Андан соң эл менен жолугуп, буга чейин борбордук лабораторияга алынып кеткен малдын, топурактын жана суунун экспертизасы тууралуу тиешелүү кызматтын жетекчилери маалымат берди.

Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калыс Жумаканов өлгөн малдан эч кандай уулануучу зат табылбаганын айтты.

«Солтон-Сары өрөөнүндө азыр 28 миңге чукул кой, 2,5 миң баш уй, 2,5 миң жылкы бар экен. Бир короодон 22 кой чыгым болду. Биз анын ичинен 6 койду лабораториядан дыкаттык менен текшердик. Өлгөн малдардын 66 пайызынан ичеги-карын, өпкө, боор оорулары чыкты. Мониезиоз менен ооруган мал басып бара жатканда эле өлүп калышы мүмкүн. Эки козудан пастереллез деген оорунун антителасы табылды. Пастереллезду дарылашыбыз керек. Бул мамлекеттин эсебинен дарыланбайт. Малдын ээлери мал жайытка чыгып жатканда дарылатышы керек. Бул иштерди бүтүрүүгө айыл өкмөт ветеринарларга жардам көрсөтүшү керек болчу. Жакында эле бүт ветеринарлар чумага каршы вакцина сайышты. Эми бруцеллезго каршы эмдеши керек.

Өлгөн малдарын баарын карап чыктык, эч кандай уулануу болгон эмес. Биз уу чөптөрдөн дагы күмөн санап изилдеп көрдүк. Азыр Солтон-Сарыда 9 түрдүү уулуу чөп өсөт. Алардын баарын текшерип чыктык, алардан дагы болбоптур», - деди ал.

Калыс Жумаканов алгач чыккан нитрат жана мышьяк боюнча дагы жооп берди.

«Жергиликтүү лабораториядан чыккан анализ боюнча айта кетсем, Нарын лабораториясы бар же жогун гана аныкташат. Ал эми саны, дозасы канча экенин Бишкектеги лабораториядан карадык. Малда нитрат жана мышьяктын дозасы жогору болгон жок. 100-200 эсе төмөн болуп калды.

Пастереллезго каршы эмдөө керек эле. Бирок жасалган эмес. Мындан тышкары ичеги курту бар малды бирөө дарыласа, экинчиси дарылаган эмес. Мындай оорулар бир эле Солтон-Сарыда эмес, бардык жерде бар. Мисалы, Кара-Сазда дагы ушундай учур катталды. Жайыт комитети карабай, маалым кат сурабай, ушундай абалга келди. Эгер малды дарылабаса дагы өлө бериши мүмкүн», - деди ал.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сарыдагы жарылуу учурунда тартылган видеону жарыялашкан. Мындан тышкары жайлоодон тартылган сүрөт жана видеолорду жүктөшкөн. Андан өлүп жаткан жандык малды көрүүгө болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай көрүнүш алтын кендеги жардыруу иштеринен улам болушу мүмкүн деп болжолдошкон.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык «Zhong Ji Mining company» компаниясы иш алып барууда. Учурда чалгындоо иштери болуп, жолдор салынууда.

«Zhong Ji Mining company» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат куруу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×