Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 25.07.2019 15:07

Сүрөт — Вице-премьер К.Боронов Солтон-Сары алтын кенине келди

Turmush -  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-июлда Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенине келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, вице-премьер менен бирге өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү келишти.

К.Боронов кытайлык компаниянын Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканына нааразы болуп жатышкан жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.

Буга чейин Нарын районунун Солтон-Сары алтын кениндеги чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан Кытай компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып, жергиликтүү эл чогулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×