Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 25.07.2019 08:37

Айыл турмушу: Кийиз китептердин автору Нүргүлдүн эмгектерин чет жактагылар баалап алышат

Нүргүл Шеримбекова
Нүргүл Шеримбекова

Turmush -  Нарын шаарынын 32 жаштагы тургуну Нүргүл Шеримбекова жомок каармандарын кийиз китепке түшүрүп жана арифметикалык такталарды жасап, чет өлкөдөн буйрутмаларды алып келет. Ал бул өнөрдү социалдык тармактардан үйрөнгөн. Анын кол эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча мугалим.

«Мен 2010-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүн аяктап, ушул эле жылы кыздар лицейинде түрк тили сабагынан мугалим болуп, алгачкы эмгек жолумду баштадым. Андан кийин Каракол шаарында 1 жыл эмгектенгенден кийин декреттик өргүүгө чыктым. 2016-жылы кызым 1 жашка чыгып калганда балдардын аң-сезимин өстүрүүчү колго жасалган китептерди көрүп калдым. Ошондон улам балдардын жаш курагына жараша колго кийизден жомок китеп, алиппе, арифметикалык такталарды жасай баштадым. Албетте бул баланын аң-сезимин гана өстүрбөстөн анын окууга болгон кызыгуусун да арттырат экен», - деди ал.

Нүргүл Шеримбекова үйдө бош жатпай кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыздарынын аң-сезимин да өстүрүп жаткандыгын айтат.

«Биз Нарын шаарына былтыр келгенбиз. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин бала бакчалардан жана Америка, Түркиядан буйрутмалар түшүп турат. Эмгегим 300 сомдон жогору бааланат. Буга кызыгуусу арткан ата-энелердин саны арбын. Себеби алар балдары үчүн бардыгын жасайт эмеспи.

Бул кол эмгекти бардык эле аялзаты жасай алат. Балдарына да, өздөрүнө да пайдалуу», - деди ал.

Кол өнөрчү жолдошу Алмаз Асанбаев менен 6 жылдан бери бирге түтүн булатып келет. Алар 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×