Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 24.07.2019 09:39 На русском

Элет көйгөйү: Төш-булактыктарды ойлондурган сугат суу маселеси

Turmush -  Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Төш-Булак айылында сугат суу жетишсиз экендигин аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Аталган айылда сугат суу маселесин чечүү үчүн жалпы наркы 26 млн сомду түзгөн долбоор жазылган. Төш-Булак айылынын башчысы Үсөнбек Мамыровдун айтымында, долбоордун негизинде сугат суу насостук станциясынын 2,5 чакырымына электр чубалгылары толук тартылып, трансформатор коюлган. Айыл өкмөттүн бюджетинен 865 миң сом, райондук өнүктүрүү фондунан 750 миң сом, өздүк салым катары 300 миң сом каралган.

Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Абакиров быйылкы жылга республикалык бюджеттен 10 млн сом каралса суу бөлүп берүүчү тосмолор курулуп, жумуштун көпчүлүк пайызы бүткөрүлүп каларын билдирди.

Ал эми айыл тургундары бул долбоор толугу менен ишке ашса 220 түтүндүн 300 га жери сугат суусу менен камсыз болорун айтышты.

«Айылга депутаттар келген сайын сугат суу маселесин чечип беребиз деп айтып кетишет. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Бул долбоор толугу менен ишке ашса, эң негизги көйгөйүбүз чечилгени турат. Айыл чарба министрлигинин өкүлү келип, буюрса чечип берүүгө аракет кылабыз деп кетти», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×