Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 19.07.2019 11:17 На русском

«Бугу» фестивалындагы «Акыл Карачач» сынагы нааразычылык менен аяктады

Turmush -  Нарын районунда өткөн «Бугу» фестивалында «Акыл Карачач» сынагы нааразычылык менен аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка райондун айылдарынан 18 жаштан 30 жашка чейинки жалпы 9 кыз-келиндер катышты. Алар Кыргызстандын тарыхы боюнча даярдалган суроолорго жооп берүү, макал-лакапты улап айтуу, өз өнөрүн тааныштыруу, чачынын узундугун көрсөтүү, улуттук кийим кийип чыгуу тапшырмаларын аткарышты.

Сынакта калыстар тарабынан коюлган бааларга айрым катышуучулар нааразы болушту. Алардын айтымында, калыстар тобу сынактагы тапшырмаларды жобо боюнча баалабай койгон.

«Бул фестивалда калыстар тобу жобо боюнча карабай, туура баа берилген жок. Мындан бир ай мурун улуттук кийимдерди заман талабына айкалыштыруу тапшырмасы болгон. Ага айрым катышуучулар улуттук кийимдерди дизайнерлерден алып келсе, кээ бири сатыктагы кийимдерди эле алып келишкен. Андан сырткары катышуучулардын чачынын узундугуна, өрүлгөнүнө да баа берилген жок. Чачы кыска, жайып келгендерге жогору баа коюлду.

Менин кызымдын кийимин табигый жүн менен өз колубуз менен жасаганбыз. Чачы да өрүлгөн болчу. Бирок бааларды өтө төмөн коюшту», - дейт Жан-Булак айылынан келген катышуучунун апасы Гүлзат Жээнбек кызы.

Лахол айылынан келген көрүүчү Тентимишова да калыстарга нааразы болуп, буларга токтолду.

«Калыстар баарын калыс караган жок. Биз Лахол айылынан бир катышуучуну алып келгенбиз. Катышуучулар ыр жазып, эмгектерди колго жасап келгенине карап баа берилген жок. Жада калса ырды да толук окутпай коюшту. Чачына да карап баа бериши керек болчу. Анысы деле эске алынбай калды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×