Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 19.07.2019 10:16

«Бугу» фестивалындагы «Акыл Карачач» сынагынын жеңүүчүлөрү (тизме)

Turmush -  Нарын районундагы Ийри-Суу жайлоосунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган «Бугу» фестивалындагы «Акыл Карачач» сынагынын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка райондун айылдарынан 18 жаштан 30 жашка чейинки жалпы 9 кыз-келиндер катышты. Алар Кыргызстандын тарыхы боюнча даярдалган суроолорго жооп берүү, макал-лакапты улап айтуу, өз өнөрүн тааныштыруу, чачынын узундугун көрсөтүү, улуттук кийим кийип чыгуу тапшырмаларын аткарышты.

Сынактын жүрүшүндө калыстар тобу бугунун образын чагылдырып кийинген Жылдыз Илязовага жогорку упай беришти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- Эмгекчил айылынан келген Жылдыз Илязова 80 упай алып, 8 миң сом;

- Таш-Башат айылынан келген Мээрим Жолдошбекова 75 упай алып, 5 миң сом;

- Жан-Булак айылынан келген Диана Бейшенова 74 упай алып, 3 миң сом;

- Орток айылынан келген Бегимай Мурадилова 2 миң сом менен сыйланды.

Калган катышуучуларга 1 миң сом жана кызыктыруучу сыйлыктар, грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×