Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 18.07.2019 18:16 На русском

Солтон-Сары алтын кениндеги дагы бир жардыруу: Суу жана топурак текшерилүүдө (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Солтон-Сары алтын кениндеги жардыруудан кийин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан анализ үчүн суу жана топурак алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 17-июль күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде алтын комбинат куруп жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining company» компаниясынын ишмердүүлүгүн жана жергиликтүү тургундардын малдарынын өлүүсүн териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, алар окуя болгон жерге келишкен. Комиссиянын курамына өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Төлөнбай Исаков, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Мырза Жолонбаев жана мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба департаментинин директору Абыкалык Рустамов кирген.

Малдардын өлүүсүнүн себебин аныктоо үчүн санэпидемстанциянын кызматкерлери тарабынан Солтон-Сары алтын кенинин айланасындагы тоодон түшкөн суудан жана жардыруунун чаңы түшкөн жерден топурак алынган. Анализдин жыйынтыктары жакынкы күндөрү чыгары белгилүү болду.

Жергиликтүү тургундар жардыруу учурунда цианид колдонулуп-колдонулбаганы шек жаратып жатканын айтышкан. Ал эми комиссиянын мүчөлөрү цианид эмес, жардыруучу зат катары селитра жана солярка колдонулганын билдиришкен.

Кечээ, 17-июлдагы жардыруу

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сарыдагы жарылуу учурунда тартылган видеону жарыялашкан. Мындан тышкары жайлоодон тартылган сүрөт жана видеолорду жүктөшкөн. Андан өлүп жаткан жандык малды көрүүгө болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай көрүнүш алтын кендеги жардыруу иштеринен улам болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык «Zhong Ji Mining company» компаниясы иш алып барууда. Учурда чалгындоо иштери болуп, жолдор салынууда.

«Zhong Ji Mining company» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат куруу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Бул компаниянын ишмердүүлүгү менен облус башчысы Аманбай Кайыпов бир ай мурун жеринен таанышып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×