Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуНарын району 16.07.2019 16:14 На русском

Солтон-Сарыдагы жарылуу жана жайлоодо тыбырчылап өлгөн койлор. Өкүлчүлүк эмне дейт? Видео

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү Солтон-Сарыда болгон окуя боюнча билдирүү жасады.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сарыдагы жарылуу учурунда тартылган видеону жарыялашкан болчу. Мындан тышкары жайлоодон тартылган сүрөт жана видеолорду жүктөшкөн эле. Андан өлүп жаткан жандык малды көрүүгө болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай көрүнүш алтын кендеги жардыруу иштеринен улам болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясы иш алып барып жатат. Учурда чалгындоо иштери болуп, жолдор салынууда.

Бул жерде Миң-Булак айылынан 160 тургун иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт.

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат куруу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

«Учурда ЖМКда айтылган көйгөйлөр (жардыруу жана малдын белгисиз себептерден өлүп калуусу ) боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Солтон-Сарыга кетти.

Териштирүүнүн жүрүшү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык баракчасына байма-бай жарыяланып турмакчы», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бул компаниянын ишмердүүлүгү менен облус башчысы Аманбай Кайыпов бир ай мурун жеринен таанышып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×