Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Нарын облусуНарын району 15.07.2019 09:06

Нарын районунда өткөн «Бугу» фестивалынан фоторепортаж

Turmush -  Нарын районунун Ийри-Суу жайлоосунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган «Бугу» фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестивалды Нарын районунун акими Семетей Черикбаев ачып, кийинки жылдары райондо туризмди өнүктүрүүдө бир катар иштер аткарылып жаткандыгын белгилеп, кыскача маалымат берди. Андан кийин облус башчысы Аманбай Кайыпов жана башка чакырылган коноктор менен бирге чет мамлекеттен келген өкүлдөр куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, фестивалга республиканын булуң-бурчунан көптөгөн меймандар келишти. Мындан сырткары чет элдик туристтер да арбын келди. Фестивалдын жүрүшүндө акындардын айтышы өтүп, алар Кыргызстандын жаратылышын даңкташты. Өнөрпоздор Бугу эне жөнүндө театралдаштырылган сценка тартуулашты.

Ошондой эле, маданий иш-чарада улуттук оюндар (кыз куумай, эр эңиш, балбан күрөш) өткөрүлдү. Андан соң фестивалдын катышуучулары этно айыл менен таанышты.

Фестивалдын соңунда иш-чарага активдүү катышкандарга ардак грамота, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×