Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Нарын облусуНарын району 09.01.2019 08:18 На русском

Нарын—Оорук-Там унаа жолу убактылуу жабылды

Turmush -  Нарын районуна караштуу Нарын—Оорук-Там унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, унаа жолдун 45-75-чакырым аралыгында кар көчкү коркунучу күтүлүп, тейлөө мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу жана жол жүрүүдө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 1-апрелине чейин атайын буйруктун негизинде убактылуу жабылды. Жол жабылгандыгына байланыштуу тиешелүү тилкелерге атайын белгилер орнотулуп жана жүргүнчүлөрдүн жол жүрүүсүнө тыюу салуу үчүн жол кыймылын көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×